Биздин билим берүү системасы эски бойдон калып кеткен. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Мекенчил" фракциясынын жыйынында билдирди.
Спикер билим берүү тармагын тез арада реформалоо керек деп эсептейт.
"Азыр биз технология доорунда жашап жатабыз. Тилекке каршы, мектептерде информатика сабагынан математика же физика мугалими сабак берет. Ал өзү компьютер колдогонду билбейт. Окуучулар үйрөтөт.
Мектептерде 25 предмет өтүлөт. Алардын кереги тийбейт. Ошондуктан билим берүү тармагын тез арада реформалоо керек",- деди төрага.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн