Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Омикрон штаммынын белгилери жана өзгөчөлүктөрү

Омикрон штаммынын белгилери жана өзгөчөлүктөрү


Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы. Омикрон штаммы тууралуу республикалык штаб маалымат берди.


 «Дельта» штаммынан айырмасы:


- мутациясы көп (б.а. белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)

- жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Япониялык окумуштуулардын айтымында, «омикрон» дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.


 Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.


Белгилери:

Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок! Жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору.


Инкубациялык мезгил — бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.


COVID-19 вирусу үчүн бул мезгил он төрт күнгө чейин (ошондуктан карантинде эки жумага чейин отурганбыз).


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн