Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Он төрт мамлекеттин президенттери Жээнбековду жана кыргыз элин куттукташты

31.08.2020 20:04
1047
Он төрт мамлекеттин президенттери Жээнбековду жана кыргыз элин куттукташты



Он төрт мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өлкө башчысына Владимир Путин, Си Цзиньпин, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиеев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов, Владимир Зеленский жана Александр Лукашенко куттуктоо жөнөтүшкөн.


Мындан тышкары, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдельмажжит Теббун, Хорватия президенти Зоран Миланович, Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Канель Бермудез, Италия президенти Сержо Маттарелла, Швейцария Конфедерациясынын президенти Симонетта Соммаруга, Черногория президенти Мило Жуканович Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн