Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун жүрөгү сокпой калган. Галымбетованын жаназасы бүгүн, 26-мартта саат 18:00дө "Базар-Башы" мечитинде окулат.
Арзыгүл Галымбетова "AKИpress" маалымат агенттинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.
Арзыгүл Галымбетованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Media Center мультимедиалык-маалымат агенттиги анын туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн