Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч органынын кызматкерлери менен чукул жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Алимбаев баш болгон жыйынында 11-августта Тажикстан тараптан Интернационал айылындагы ооруканага атылган ок боюнча маселе жана тажик тараптын Катта-Туз аймагында казылган окоптору тууралуу маалымат угулат.
Мындан сырткары, бүгүн Абдикарим Алимбаев Согди облусунун башчысы менен жолугушуу өткөрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн