Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ооруканалар кабыл албай, бейтапты кайра үйүнө жеткирген учурлар болду, - Тез жардамдын дарыгери

03.08.2020 10:12
1148
Ооруканалар кабыл албай, бейтапты кайра үйүнө жеткирген учурлар болду, - Тез жардамдын дарыгери


Пандемия учурунда Тез жардам кызматы алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай, аны кайра үйүнө жеткирген учурлар болду. Бул тууралуу реаниматолог дарыгер Надежда Азарова билдирди. 


Анын айтымында, мындай учурлар күндүзгү стационарлар ачыла элекке чейин болгон. 


"Тилекке каршы ушундай учурлар болду. Бизде оорулууларды кабыл алууга орун жетпей жатты. Мындай учурлар күндүзгү стационарлардын ачылышына чейин болду. Биздин ооруканаларда орун аз, ал эми ооруга чалдыккан бейтаптар көп болду", - деди ал. 


Дарыгердин айтымында, ооруканага эң оор абалдагы адамдар гана кабыл алынып жатты. 


"Орун жок болгондуктан бейтаптарды кабыл алуудан баш тартып жатышканда, биз колубуздан келишинче аларды башка ооруканага жаткырууга аракет кылдык. Кээде, орун чыгып калат деген үмүттө ооруканаларды кыдырдык", - дейт ал. 


Ошондой эле, ал такыр орун таппай калган учурда бейтапты үйүнө алып барууга туура келген учурлар болонун айтат. 


"Моралдык жактан бул абдан оор. Анткени биздин тажрыйбага таянып, мындай кыйынчылыктын кесепеттери кандай болорун билебиз", - деди Н.Азарова.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн