Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Опузалап 4 миң доллар талап кылган эки жаран кармалды

Опузалап 4 миң доллар талап кылган эки жаран кармалды

Опузалап талап кылуу менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын февраль айында 39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул жаранга кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атап, күч колдонуп 4000 АКШ долларын талап кылышкан.


Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. 

Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.


2023-жылдын 16-февралында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен опузалап жаткан жарандар кармалган. Атайын операцияны борбор калаанын борбордук көчөлөрүнүн биринде ИИМдин КИББнын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана ИИМдин АБПнын атайын операциялар отрядынын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган А.уулу А. жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган М.Т. экендиги аныкталган. 

Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 


ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн