Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 10:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Орозайым Нарматова: Беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем

25.01.2022 19:32
6845
Орозайым Нарматова: Беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем



Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпайт экенимдин бирден бир себеби да ушул эле, анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис.

Мен келээрки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин "соттошпойм" деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" деп бүгүн тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты.

Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага "эми эмне менен алек болосуң" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, "саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын" деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом буйруса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын! Буйруса биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болоорун трибунада көрсөтөт.


Орозайым Нарматова

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Шарип
Окуунду койуп , кара далы болуп журо бербей бир келесоону таап эрге тий , нормальный адам эми сени албайт . Сен депутат болуп келсен эле Кыргызстан башкача болуп кетеби ?Озунду тим эле асманга чыгарып жиберипсин . Сен аферистканы эми эч ким шайлабайт , болгону 899 голос алдын , кийинкиде 89 голос аласын .
Кубан
Пайдалуу бир адистикке оку.жашыл энергияны онуктуруу жана кыргызтанда колдонуу ондуруп чыгаруу жагын окуп келчи.кыргызтанга пайдан тийсин
Акылай
Айла жок
Гүлайым Исакова
Орозайым биз сени күтөбүз окуп билиминди тереңдетип.келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салымын ынды көлөмүн деп ишенебиз кучтуу болгун эч качан сынагын сага ден соолук ийгилик
Гульсара
Туура кыласын.Эми жакшы окуп,билим,Илимдиг алып,кайра кел.Ага чейин чоноесун,такшаласыньжашоодо,бирок кичине хитраяраак болчу,бетке айтам деп эле,суйлой бербе.Суйлоо маданиятында уйрон.Тил озуно душман болду,ондобосон дагы болот.Ийгилик!