Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Орозайым Нарматова: Беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем

25.01.2022 19:32
6861
Орозайым Нарматова: Беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем



Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпайт экенимдин бирден бир себеби да ушул эле, анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис.

Мен келээрки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин "соттошпойм" деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" деп бүгүн тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты.

Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага "эми эмне менен алек болосуң" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, "саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын" деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом буйруса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын! Буйруса биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болоорун трибунада көрсөтөт.


Орозайым Нарматова

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Жамгыр
Ассаламу алейкум Урматтуу Мекендештер амансыздарбы мен өтө кубандым Айгүл карындашыбыз кечээки Шайлоодо өтпөй калганына өтө көңүлүм түшкөн болчу, бирок буйруган экен депутат болду, бир жаагы Орозайым карындашыбызда себеп бир чети, бүгүн Бүтүнчүлөр үчүн чоң кубаныч майрам десе болот иштерине ийгилик Айгүлгө ар дайым Эл талабын талашып адилеттүү ишти алып барат деп ишенем жана Чындыкты айтып турат түз буйруса
Мир
Азамат!