Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:26
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Орозо айт майрамы: 9 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылат

20.04.2023 14:35
340
Орозо айт майрамы: 9 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылат

Орозо айт майрамынын алдында милиция коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп, 9 миңден ашык милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кыларын белгиледи.


ИИМдин "Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" буйругуна ылайык аймактык бөлүктөрдө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук саптык кароолордо текшерүү жүргүзүлдү.


Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чаралары көрүлөт",-деп билдирди ИИМ.


Мындан сырткары жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн