Министрлер кабинетинде бир да Баткендик жок. Буга эмне дейсиз? Мындай суроо Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова тарабынан көтөрүлдү.
Депутат суроосуна Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров төмөнкүдөй жооп берди:
"Кадрдык мүчүлүштүк болуп калды. Бул маселени президентке жеткирем.
Ал Баткенди өнүктүрүүгө жылына 500 миллион сом бөлүнөт. Аймактык өнүктүрүүнү Баткен облусунан башталып, бүт көңүл бурулат",- деди Жапаров.
Пикирлер (1)