6-июнь күнү Ош-Раззаков жолунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында АСJ Хундай аванте үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган 3 куткаруучу тарабынан саат 16:22де өрт чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Тилекке каршы унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн