Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош аэропортунан 1,5 кгдай алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

04.03.2022 18:13
575
Ош аэропортунан 1,5 кгдай алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

 Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабанда жолу менен баалуу металлдарды мыйзамсыз ташып келүүнү жана сыртка алып чыгууну аныктоо жана болтурбоо боюнча көрүлгөн иш-чараларынын алкагында Манас эл аралык аэропорту “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын чыгуучу залында, жалпы салмагы 1 кг 450 гр. түзгөн алтынды алып өтүп бара жаткан адам кармалды.


    2022-жылдын 3-мартында “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын Ош-Стамбул багытындагы рейси менен учуп жаткан 1979-жылдын туулган Р.Ш.Я. аттуу Өзбек Республикасынын жаранынан колго жасалган сары метал буюмдар табылып алынды. 


    Белгилей кетсек, «адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун» 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары экспортоодо же импортоодо сандык чектөөлөргө дуушар болгон товарлардын тизмесине кирет.

 

 УКМК тарабынан чогултулган материалдарга юридикалык баа берилип, аталаган иш боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн