Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Ош базарында тыюу салынган дарыларды саткандар аныкталды (видео)

19.05.2023 16:59
454
Ош базарында тыюу салынган дарыларды саткандар аныкталды (видео)

 Ош базарында дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу пункттары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


2023-жылдын 17-май күнү КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери «Допинг» аталыштагы ведомстволор аралык МАК-2023 операциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери менен биргеликте Ош базарында жана «Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында тыюу салынган дары-дармектерге мыйзамсыз соода жүргүзүү фактысын текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз дары-дармектерди жана тыюу салынган дары каражаттарын сатуу фактысы аныкталган.


Мындан тышкары, дары-дармектерди сатуучулар милиция кызматкерлер каршылык көрсөтүп, соода түйүндөрүн жабууга аракет кылышкан. Коркутуп-үркүтүп, бир нече жолу уруп, ал эми сатуучулардын бири бир милиция кызматкеринин колун тиштеп алган.    


Дары-дармектерди сатуучулардын арасындагы каршылык көрсөткөндүгүнүн себеби - жашы жете электерге жана баңгиликтен жапа чеккендерге күчтүү жана психотроптук дарыларды сатуунун издерин жашыруу болуп аныкталды. 


Каршылык көрсөтүү учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкери жабыркап, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына медициналык жардам көрсөтүлгөн. 


Бул факт, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлерине жана милиция кызматкерлерине кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кол салуу Ленин райондук ИИБнын Маалыматталды каттоо журналына юридикалык баа берүү үчүн катталды.


Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө ээсиз коробкалар жана дары-дармектер жана медициналык буюмдар салынган баштыктар аныкталды, анда БМЖКККнын кызматкерлери жана Департамент тарабынан “ээсиз дары-дармектерди жана медициналык каражаттарыды алуу жөнүндө” акт түзүлүп алынды. 


Рейддин жүрүшүндө кара желим баштыкты контейнердин артына жашырууга аракет кылган К.Ж. аттуу жаран аныкталган, кароо учурунда бул пакетте тыюу салынган заттар табылып, анда баңгизаттык опиоиддик анальгетиктер жана башка күчтүү таасир берүүчү каражаттар аныкталган.  


 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 1-беренесинин 284-пунктуна ылайык, тыюу салынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өз алдынча саткан жарандарга кызматкерлер протокол түзүлүп, экөөсүнө айып пул салынды. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн