Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош облусунда бир нече аймактарда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

Ош облусунда бир нече аймактарда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү, деп билдирет Өзгөчө крдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.


Такталган маалымат боюнча, саат 27-майда 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.


Ошондой эле Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок.


"Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн