Бүгүн, 11-майда Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 04:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген",- деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн