Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Улуттук академиянын Сейсмология институтунан билдиришти.

Термелүү эпиборборунда 4 баллга чукулдап, магнитудасы 4,1 болуп, тереңдиги 18 чакырымда экендигин айтышты. Жер саат 10:35 чамасында силкинген.


Очогу Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 80 чакырым, Сары-Таш аймагынан түндүк-батышты көздөй 20 жана Ак-Босого айылынан батышты көздөй 17 чакырым аралыкта жайгашкандыгын билдиришти.


Аталган облустагы Ак-Босого айылында— 3,5 балл, Ак-Жылга, Кожо-Келең, Чоң-Каракол, Кызыл-Алай, Сары-Таш, Арча-Булак,Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында — 3 балл, Кара-Кыр, Ак-Жай, Кичи-Каракол, Кежиге, Кара-Кабак, Кичик-Алай, Чогон аймактарында 2,5 баллды түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн