Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош шаардык соту 12 кабаттуу турак-жайды бузуу боюнча чечим чыгарды

19.07.2023 13:44
624
Ош шаардык соту 12 кабаттуу турак-жайды бузуу боюнча чечим чыгарды


Ош шаардык соту «Эмаком» курулуш компаниясынын 12 кабаттуу турак-жайын бузуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.


Иштин материалдарынан мындай чечим 31-майда чыккан. Иш боюнча доогер Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги. Мекеме «СК «Эмаком» ЖЧКсы өз билемдик менен, тиешелүү архитектуралык уруксат кагаздарын албай, Маматсакова көчөсү, 226 дарегине 12 кабаттуу үй (Исхак Раззаков турак-жай комплекси) куруп алганын көрсөткөн. Мамкурулуш соттон курулуш компаниясын өз каражатына имаратты бузуп, аймакты баштапкы абалына кайтарып берүүгө милдеттендирүүнү суранды.


Ош шаардык соту Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин доо арызын канааттандырды.


Бүгүнкү күнгө карата облустук соттун маалыматы боюнча, жоопкер даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберген, бирок өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү өтүнүчү менен Ош облустук сотунун коллегиясына кайрылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн