Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ош шаарында 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду

14.10.2020 12:36
577
Ош шаарында 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шаардык прокуратура, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте 12-октябрда рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда «Мээрим», «Ала-Тоо», «Энесай», «Хан Ордо» жана «Ак Кайын» ресторандарынын иши токтотулду. Алардын ишин калыбына келтирүү мыйзам чегинде чечилет.

Мобилдик топтор тарабынан санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө тыюу салынган. Бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

Ош шаары боюнча 7 мобилдик топ бар. Учурда жугуштуу оорунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр бардык аймактарда жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн