Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 00:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ош шаарында 60 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилди

25.04.2025 16:59
40
Ош шаарында 60 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилди


Бүгүн Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында № 88 "Аалам - нуру" бала бакчасы ачылды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев катышты.


Шаар башчысы сөз сүйлөп жатып, ар бир бала – бул үмүт, келечек, эгемен мамлекетибиздин таянычы экенин белгилеп, бала бакчанын курулушуна салым кошкон бардык тараптарга жана колдоочу мекемелерге ыраазычылыгын билдирди.


Мектепке чейинки 2 кабаттуу мекеменин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчанын ички жана сырткы жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, зарыл жабдуулар менен камсыз болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн