Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында кышта электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн

02.08.2023 11:34
607
Ош шаарында кышта электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн


Ош шаарынын мэриясы быйылкы кышта электр энергиясына өтө көп күч келген учурда өчүрүлө турганын эскертти.


Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, 2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өткөн. Анда энергетиктер, коммуналдык кызматтардын жетекчилери камылга тууралуу маалымат берген. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев көп кабатту үйлөрдү кышка даярдоо зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө тапшырма берген.


"Электр энергиясын колдонууда кылдат мамиле кылуу, жылуулук үчүн альтернативдүү энергия булактарын (көмүр) пайдалануу зарылчылыгы белгиленди. Эскерте кетсек, энергия менен камсыз кылуучу ишканалардын маалыматы боюнча, кыш мезгилинде өтө көп күч келген учурда электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн", — деп жазды маалымат кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн