Бүгүн Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн түнкү саат 04:31 чамасында Туран кичи районунда, Алыкулов көчөсүндө турак үй күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 05:14 өрт чектөөгө алынып, толук 08:19 өчүрүлдү. Өрттүн натыйжасында 1 кабаттуу турак үйдүн 250 чарчы метр толугу менен күйдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн