Ош шаарында үйдүн дубалы 75 жаштагы кишини басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Ош шаарынын Касымов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык "Куткаруу кызматынын" 4 куткаруучусу тартылган.
Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы уурап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталган.
Каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн