Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 14:39
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.075
1.100

Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды

04.09.2025 11:19
23
Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында "Жол курулуш башкармалыгы" ЖАКтын жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү.


Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө "Жол курулуш башкармалыгы" ЖАК тарабынан жер тилкесин мамлекеттик баланска ыктыярдуу жана акысыз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган.


Ошентип, 2025-жылдын 25-августунда "Жол курулуш башкармалыгы" ЖАКтын директору С.И.К. менен министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда жер тилкесин ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн