Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ош шаарындагы "Келечек" базарынан өрт чыкты

Ош шаарындагы "Келечек" базарынан өрт чыкты



Ош шаары, Масалиев көчөсүндө жайгашкан Келечек базарынын аймагында саат 00:21 чамасында, ашканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, ӨКМдин ККББдан ыкчам топ. Мындан сырткары электр тармагы кызматынан 1 бригада жана ИИМнин кызматкерлери тартылды.

Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү.


Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйдү.


Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 ч.м. аянт күйдү. Жабыркагандар жок. 

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн