Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен жөнөдү

05.08.2022 21:29
522
Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен жөнөдү



Бүгүн, 5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү. 


Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.


М.Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлдү.


Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн