Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 15:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.075
1.115

ОшМУда экинчи ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

21.10.2025 11:54
32
ОшМУда экинчи ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды


Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 17-октябрь күнү кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.


Таш-Көмүр шаарынын тургуну 45 жаштагы аялга 71 жаштагы апасы донор болуп, бир бөйрөгүн берди. 


Бүгүн ректор Кудайберди Кожобеков бейтаптын абалынан жана дарыгерлердин ишмердүүлүнөн кабар алды. 


Операция заманбап лазердик ыкма менен кошумча хирургиялык кесүүсүз жүргүзүлүп, бейтаптардын организмине мүмкүн болушунча аз зыян келтирилди. Учурда эне-баланын абалы туруктуу. 


Операцияны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейтбек уулу Россиядан чакыртылган дарыгерлер менен биргеликте жасаган. Алардын айтымында, мындай куракта донор болуу медицинада сейрек кездешет. Анткени органдарды алуу жана берүүдө донордун жашы, жалпы ден соолугу жана органдын иштөө дарамети эске алынат.


ОшМУнун клиникасы азыркы тапта орган алмаштыруу боюнча өлкөдөгү алдыңкы борборлордун бири катары ишмердүүлүгүн улантууда. Алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы ушул жылдын 30-майында ишке ашкан. Бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн