Бүгүн, 21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва—Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, каттам менен Кыргызстандын 191 жараны учуп келди, алардын катарында жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан жарандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар кирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн