Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто жасалма доллар жасоого аракет кылган жаран кармалды

29.11.2022 08:18
217
Ошто  жасалма доллар жасоого аракет кылган жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты.


Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде ушул жылдын 25-октябрында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З. аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.З. аттуу жаран акчанын жасалма экендигин билген эместиги, ага ошол даректен акча алып кетүү айтылгандыгы, ал үчүн кызмат акы төлөп бериле тургандыгын айткан.


Тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка түздөн-түз тиешеси бар, каракчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д. аттуу жарандын тиешеси бар экендиги аныкталган.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды улантууда.


Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 4 миң 800 доллар жасалма экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн