УКМК арыздануучуга 220 миң сом акчасын кайтарып берип жаткан жактоочуларды кармады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 21-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочулар М.И.Х. жана С.Ж.Х. кылмыш ишинде арыздануучу катары катышкан жарандан 220 миң сом өлчөмүндө акча каражатын кайтарып берип жаткан учурда кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, И.М. жана Ж.С. аттуу адвокаттар жашы жете электерди зордуктоо жөнүндө кылмыш иши боюнча беренени сексуалдык мүнөздөгү анча оор эмес беренеге өзгөртүүгө мыйзамсыз көмөк көрсөткөндүгү үчүн арыз ээсинен 270 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Көрсөтүлгөн адвокаттар айыпталуучу Ш.Ж.га көмөк көрсөтүүгө убада беришкени, бирок кылмыштын квалификациясын өзгөртүү үчүн иш жүзүндө эч кандай чара көрбөгөнү жана акча каражаттарын алдамчылык жол менен ээлеп алганы аныкталган.
Ош шаардык сотунун санкциясынын негизинде И.М. УКМКнын тергөө абагына, Ж.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн