Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто 24 жаштагы кыз 26-майдан бери дайынсыз болууда

06.08.2022 13:22
724
Ошто 24 жаштагы кыз 26-майдан бери дайынсыз болууда

Ош шаарында дайынсыз болуп аткан 24 жаштагы Жолболдуева Гаухар Толкуновна изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ушул жылы 26-майда Ош шаарынын тургуну 55 жаштагы М. А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү 10:00 чамасында 24 жаштагы кызы Жолболдуева Гаухар Толкуновна Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы үйүнөн 150 миң сом акча жана алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жана Бишкек шаарына барышы мүмкүн экениндигин билдирген.


Бул окуя боюнча материалдар Ош ОИИБге каттоого алынып, ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, натыйжа болбогондуктан милиция коомчулуктун жардам сурайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн