Ошто "Южный" каналына 53 жаштагы киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран 20-август күнү саат 19:20да каналга кулап түшкөн.
Анын денеси куткаруучулар тарабынан табылып, укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн