Ошто Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 23 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Кара-Суу районунда 17-август күнү Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 1998-жылы туулган Э.А. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.
Бүгүн 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:15те КР ӨКМнин Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн 2 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 5 куткаруучу, жалпы 7 куткаруучу тартылып, саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн