Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылган.
Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн