Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто УКТ мүчөсү опузалап 500 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

22.11.2023 16:54
582
Ошто УКТ мүчөсү опузалап 500 миң сом алып жаткан жеринен кармалды


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 500 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.К. кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кармалган адам коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Ноокат районунун тургунунан 500 миң сом өлчөмүндөгү каржат өндүргөнү аныкталган.


Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.


Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан И.К. 166 миң сом алууда паракорлук кылган. Ал Араван РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Кошумчалай кетсек, кармалган жаран 2018-жылы каракчылык боюнча соттолгону аныкталган.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн