Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто автоунаа уурдаган жаран кармалды

04.08.2022 18:12
601
Ошто автоунаа уурдаган жаран кармалды

Автожол кырсыгы учурунда кырдаалдан пайдаланып, бирөөнүн автомашинасын уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.


 Маалыматка караганда,    2022-жылдын 28-июль күнү, Ош шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Э. уулу Э. арыз менен кайрылып, арызында 2022-жылдын 28-июль күнү,  болжол менен саат 16:10 чамасында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө орун алган борбордук базардын жанында токтоп турган "Хонда Жаз" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз атуул айдап кетип калгандыгын билдирген.

   

    Алгачкы тергөөнүн  жүрүшүндө маалым болгондой, арыз ээси Э.уулу Э.   автоунаасын Ош шаарынын Кара-Суу көчөсү аркылуу түштүктөн түндүктү карай башкарып баратып, алдында бараткан кичи автобусту сүзүп алган. Автоунаасын жолдун четине токтотуп кичи автобустун айдоочусу менен өз ара сүйлөшүп, материалдык чыгым алып келген кырсыктын себептерин талкуулашып  жаткан учурда бейтааныш атуул анын автоунаасынын ачкычын алып койгон.


Кийин кичи автобустун айдоочусу менен биргеликте унаа оңдоочу жайга барууну макулдашып, кайра өзүнүн автоунаасына бара жатканда автоунаасынын ачкычын алып алган атуул анын автоунаасын айдап кетип калгандыгы аныкталган.


       Факт боюнча Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлгөн иш чараларынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1990-жылы туулган М.Д. экендиги аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Шетүүнү окуя боюнча сурак кылган учурда ал 2022-жылдын 28-июль күнү, Ош шаарынын борбордук базарында кичи автобуста баратып, ал бараткан кичи автобус жол кырсыгына учураган учурда, жерге түшүп "Хонда Жаз" үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын алып коюп, кийин айдап кетип калгандыгын билдирген.


Азыркы учурда, арыз ээси Э.Эмиль уулуна таандык "Хонда Жаз" үлгүсүндөгү автоунаасы тергөө кызматына камсыз болуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн