Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто баласы менен 5 кошунасын ур-токмокко алган жаран үй камагына чыкты

24.09.2021 09:05
701
Ошто баласы менен 5 кошунасын ур-токмокко алган жаран үй камагына чыкты

Ош шаардык сотунун судьясы К.А. мурда 24 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» катары атайын тизмеде турган 1991-жылы туулган И.И.ни үй камагына чыгарды.Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

 

    Ал акыркы жолу, 18-сентябрда коңшусунун үйүнө барышып, атасы менен биргеликте 5 адамдын денесине жараат келтиришип, (айрымдары аял кишилер) урушкан. Беш адамдын арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучунун бири, 1989-жылы туулган аял оор абалда. Коншулардын чыры учурунда ата-бала И.И. жана И.Н. милиция кызматкерлердин талабына баш бербестен дагы коӊшуларга кол салууга аракетин уланта берген. Коншуларды, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын укпастан, вулгардык сөздөр менен сөгүп, ажыратууга аракет жасап жатышкан милиция кызматкерлерине жана жарандарга атасы И.Н. жыныс органдарын көрсөтүп тилдеген. Бул тууралуу видеоматериалдар бар.


    Бүгүнкү күндө Ош шаарынын сотунун судьясы К.А. тарабынан үй камагына чыгарылган, мурда 24 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган И.И. жана атасы И.Н. тарабынан кайрадан коӊшуларына карата басым («үйүӊөрдү өрттөйм»деген коркутуулар) жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды милиция текшерүүгө алды.  


    

                     

                                                                                     

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн