Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Ошто бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалды

28.03.2024 13:22
548
Ошто бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалды


Бейтааныш кызды эл алдында кемсинткен блогер Нурболот Турганбаев беш суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.


Сот блогерди майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп таап, эң жогорку жазаны белгиледи. Ал сот залында камакка алынды.


Белгилей кетсек, буга чейин Саяныч деген каймана ат менен белгилүү блогер Нурболот Турганбаев Instagram баракчасына Оштун көчөсүндө өтүп бара жаткан кызды сөгүп жаткан видеосун жарыялаган. Блогерге карата активист Азамат Ормокеев жана жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылышкан. Тургунбаев милицияга жеткирилген. Ал кечирим сурап, анан иш сотко өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн