Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто бир килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Ошто бир килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Бир килограмдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен КР жараны кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу районунда «З.М.М» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чараларын жүрүшүндө КР ЭФМ Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорунун жардамы менен жалпы салмагы 1 кг ашык болгон кара куурай түрүндөгү (гашиш) баңгизаты табылып алынды.

Кармалган жаран УКМКнын Ош шаардык жана Ош областык башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн