Ош шаарында батирден 53 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Алай көчөсүндө жайгашкан үйдүн 41-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1969-жылы туулган А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн