Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

18.01.2024 13:45
454
Ошто коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды


Ошто коркутуу жолу менен акча талап кылган "Коен" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну чоң суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, буга чала тааныш эки адам коркутуп, 70 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан. Эми ошол эле адамдар дагы 200 миң сом акча талап кылып жатышканы, эгер бербесе ар-намыска шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутуп жатканы белгилүү болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Кара-Суу РИИБде аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" менен кылмыш иши козголду.

Кылмыштын бетин ачууга ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышкан.

Шектүүлөрдүн бири бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болгон жаран экени аныкталды.

ИИМдин КИИББдин үчүнчү башкармалыгынын маалыматына ылайык, опузалап жаткандарды кармоого атайын операция даярдалып, 2024-жылдын 16-январь күнү шектүүнү Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин унаа токтотуучу жайынан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн, 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран буга чейин ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, "Коен" каймана аты бар, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаран экендиги аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча андан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн