Ош облусунда коронавирустан 108 адам айыгып, 4 киши көз жумду. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун аймагында 254 адам илдетти жуктурган.
“Ош облусунун аймагында коронавирус илдетине чалдыккандардын 108и илдеттен айыгып, тилекке каршы 4 адам каза болду. Бүгүнкү күндө илдетке каршы күрөшү күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат”, - деди Жылкыбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн