Тогуздун айы 08, 2024
Убакыт: 20:20
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап каза болду

Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап каза болду


Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.


Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында келип түшкөн.


"Ош шаарынын Шамшиев, 1 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир адам кулап кеткени кабарланган. Жерине барган тергөөчүлөр каза болгон адам Өзгөндүн 16 жаштагы тургуну, ОшМУнун колледжинин студенти экенин аныкташкан. Алар келишим менен таштандыны тазалоо үчүн убактылуу ишке алынганы белгилүү болду", — деди облустук милициядан.


Ошондой эле тергөө жүрүп, бардык тараптарга юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн