Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто күйүүчү май куюлган вагондор темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган

Ошто күйүүчү май куюлган вагондор темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган

21-декабрда Оштогу "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" нефтьбазасына жакын темир жол станциясында бензин куюлган 3 вагон темир жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бензин куюлган вагон 1963-жылы туулган Э.У. аттуу эркек кишини басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы. С.А аттуу эркек жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилген, абалы туруктуу.


Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ош облустук жана шаардык башкармалыктардын башчылары жетектеген ыкчам топ, Өзгөчө куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, үч өрткө каршы бөлүм, бир 1 күжүрмөн эсеп, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.


Мындан сырткары, Ички иштер министрлигинен 10, Тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылып, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен вогондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн