Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто милиция кызматкери опузалап 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

03.03.2022 19:08
520
Ошто милиция кызматкери опузалап 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 2-мартында Ош ОИИБнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте 20 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалды. 


    Кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

    Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.


    Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн