Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендердин алтынчысы кармалды

19.01.2023 13:27
338
Ошто өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендердин алтынчысы кармалды

Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө кол салууга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, буга чейин беш жаран кармалып, аларга эки айга кармоо турүндө баш коргоо чарасы тандалган.

“Бир саат мурда алтынчы шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы кезде алты жарандан сырткары, дагы үч жаранга издөө жарыяланды”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн.

13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктерине издөө жарыяланган. Жыйынтыгында беш жаран кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн