Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

23.06.2022 12:54
476
Ошто "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды


Ош шаарында “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 20-май күнү “Ади” аттуу каймана аты бар жарандын “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун материалдарын жайылтып, үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган. Аталган факты боюнча шектүүгө кылмыш иши козголгон.


“Экстремист” аталышындагы атайын операциянын жүрүшүнүн алкагында, 1978-жылы туулган Х. И. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ага таандык болгон бир нече уюлдук телефонундагы интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы сакталган материалдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар жана чакырыктар бар экендиги аныкталган.


Учурда Х.И. кылмышка шектүү катары Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын кылмыштуу байланыштары боюнча ыкчам-тергөө иш-аракеттери улантылууда",- деп жазылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн