Ошто сел жүрүп, Ош-Эркештам жолу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тазалоо иштерин жургүзүү максатында № ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык .
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн