Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик маанайдагы маалыматтарды тараткан жаран кармалды

18.11.2022 16:17
347
Ошто социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик маанайдагы маалыматтарды тараткан жаран кармалды



2022-жылдын 17-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында "Экстремист" аталыштагы ыкчам алдын алуу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районунун тургуну, 28 жаштагы М.А., аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ал жаран социалдык тармактар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио/видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды интернет тармагы аркылуу жайылтып, диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган. 


Аталган факты, Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде козголгон кылмыш иши козголгон. 

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн