Теке 28, 2025
Убакыт: 07:07
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ошто тигүүчү цехтен өрт чыгып, 3 адам күйүк алды

Ошто тигүүчү цехтен өрт чыгып, 3 адам күйүк алды

Ошто тигүүчү цехтен өрт чыгып, 3 адам күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаары, Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  


Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган, саат 09:38де чектөөгө алынган, 10:02де толук өчүрүлдү. Натыйжада 16 чарчы метр кара смола күйдү.


Өрттүн кесепетинен 3 эркек киши 1973-жылы туулган Ж.Н., 1991-жылы туулган Р. Н., 1976-жылы туулган С.А.денелеринен күйүк алып облустук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди, абалдары канааттандырарлык.


Учурда өрттүн себеби такталууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн